31-август “Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө” карата Талас облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев салтанаттуу жыйналыш өткөрүп жана судьялары менен аппарат кызматкерлерин куттуктап, каалоо-тилектерди айтты.
Ошону менен бирге сот тутумунда жигердүү жана кынтыксыз эмгектенгендиги үчүн Талас облустук сотунун судьясы жана бир нече аппарат кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарымдуу укуктуу өкүлүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэрдин жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кадрлар кызматынын сыйлыктары менен сыйланышты.