KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03422) 52075 г. Талас, улица Турдалиева 206
Кайрылуу жиберүү

Жогорку соттун төрайымы Талас шаардык сотунун кызматкерлери менен жолугушту

18 июня 2021

17-июнда Жогорку соттун төрайымы Нургуль Бакирова Талас шаардык сотунун судьялары жана аппарат кызматкерлери менен жолугушту. Иш сапардын алкагында төрайым жергиликтүү соттордун иш-шарттары, материалдык-техникалык камсыздоо маселелери менен таанышууда. Шаардык соттогу жыйында Нургуль Бакирова сот тутумунда иштеген кызматкерлердин билим деңгээли, маданияты, жүрүм-турумуна өзгөчө көңүл бурулушу керектигин белгиледи. «Соттордун эл алдындагы кынтыксыз аброю азыркы учурдагы эң негизги маселелердин бири. Андыктан, жарандарга сылык жана маданияттуу мамиле кылууңуздарды өтүнөм», — деди төрайым.


Төрайым шаардык соттун иш бөлмөлөрүн, архив, сот отурумдар залдарын кыдырды. «Биз заманбап технологияларды колдонууга, гумандуулукка умтулушубуз керек. Бир эле мисал, сот залдарындагы темир торлорду айнек тосмолорго алмаштыруубуз зарыл. Сот адилеттүүлүгү  боюнча дүйнөдөгү эң алдыңкы өлкөлөрдөн гана үлгү алышыбыз керек», — деди Н.Бакирова.


Жогорку соттун төрайымы  аталган соттун аппарат кызматкерлеринин, ошондой эле сот аткаруучулар жана сот приставдарынын суроолоруна жооп берди.