Талас облустук сотунун төрагасы Алмазбек Абдылдаев шаардык, райондук жана административдик сотторуна иш сапары менен барып келди.
Иш сапарынын алкагында төрага жергиликтүү биринчи инстанциядагы сотторунун ишмердүүлүгү, автоматташтырылган маалыматтык системасынын иштешин, кызматкерлердин кызматтык бөлмөлөрү, кеңсе буюмдары менен камсызданышы менен таанышып жана аппарат кызматкерлерине функционалдык милдеттерин так аткаруу менен бирге эмгек тартибин бекем сактоону талап кылып, ар бир сотто чогулуштарды өткөрүп судьяларга жана соттун аппарат кызматкерлерине ийгиликтерди каалап кетти.