KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03422) 52075 г. Талас, улица Турдалиева 206
Кайрылуу жиберүү

Талас облусунун жергиликтүү соттор арасында “Спорт- ден соолуктун булагы” ураан алдында кичи-футбол жана волейбол боюнча мелдеш өткөрүлдү

29 марта 2021

2021-жылдын 27-мартында “Спорт — ден соолуктун булагы” ураан алдында жана спортту өнүктүрүү боюнча иш-чаранын алкагында Талас облусунун Бакай-Ата райондук сотунун демилгеси менен Талас облусунун жергиликтүү сотторунун  судьяларынын, аппарат кызматкерлеринин жана Сот аткаруучулар менен приставдар кызмат бөлүмдөрүнүн ортосунда кичи-футбол жана волейбол боюнча мелдеш болуп өттү.


Футбол боюнча оюндун жыйынтыгында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Талас облустук башкармалыгынын жана Сот приставдар кызмат бөлүмүнүн курама командасы эң мыкты деп табылып биринчиликти багындырды, ал эми экинчи жана үчүнчү байгелүү орундарды Талас райондук сотунун жана Талас облусунун Административдик сотунун командалары ээлешти. Ал эми, волейбол оюну боюнча катуу таймаштын жыйынтыгында биринчиликти Манас райондук сотунун командасы багындырды, экинчи орунду Талас райондук сотунун жана Талас облусунун Административдик сотунун курама командасы ээледи, ал эми үчүнчү байгелүү орунга Талас облустук сотунун командасы ээ болду.


Жалпысынан  мелдешке 8 команда катышып, жеңүүчүлөр кубоктор жана дипломдор менен сыйланды, ошону менен бирге мелдештин “Мыкты оюнчусу” номинациясында оюнчулар аныкталды.  Ал эми, кийинки турнирди уюштуруу үчүн өтмө кубок Талас райондук сотуна өткөрүлүп берилди.