KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03422) 52075 г. Талас, улица Турдалиева 206
Кайрылуу жиберүү

Нургуль Бакирова Талас облустук сотунун судьялары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолукту

22 июня 2021

2021-жылдын 17-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Нургуль Бакирова Талас облусуна болгон иш сапардын алкагында Талас облустук сотунда  жергиликтүү соттор жана бийлик өкүлдөрү менен жолугушту.


Иш чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директорунун орун басары Таалайбек Мукалаев, «Адилет сот» маалымат технологиялары боюнча мекемесинин директорунун милдетин аткаруучу  Рустам  Шабыев, ошондой эле министрлер кабинетинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков, Талас облусунун прокурору Гулмира Кашкарова, Талас облусунун ИИБнын башчысы Марлис Асанов, Талас облусунун УКМКнын башчысы Канат Суранбаевдер катышышты.


Төрайым 5-майда Кыргыз Республикасынын Президенти Конституциянын жаңы редакциясына кол койгондугун, ага ылайык сот тутумунун ишин жөнгө салган бардык мыйзамдар өзгөрүүгө дуушар болорун белгиледи.


Башка жергиликтүү соттор менен бирге эле Талас облусунун сотторунан тийиштүү мыйзамдарга сунуш-пикирлер Жогорку сотко  келип түшкөндүгүн, учурда жумушчу топ аларды талкуулап, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизип жаткандыгын айтты.


«Алдыда соттордун иши боюнча, сот адилеттүүлүгүн жакшыртуу боюнча бир катар кечиктирилгис иш-чаралар күтүлүп жатат. Буга тиешелүү мыйзамдык өзгөртүүлөргө сунуштарды берип жатабыз«, — деди Н.Бакирова.


Төрайым сотторго көз карандысыз жана адилет иштөөгө бардык шарттар түзүлүп жатканын белгилеп, буга кыскартууга дуушар болгон соттордун жардамчыларын кайтарып алууга жетишилгенин мисал келтирди.


«Сот приставдары, сот аткаруучулардын да  ишин натыйжалуу алып баруу боюнча аракеттер көрүлүп жатат.  Тийиштүү мыйзамдарга өзгөртүүлөр сунушталмакчы«, — деп кошумчалады төрайым.


Нургуль Бакирова  жалпы сот тармагынын алдындагы милдеттерге токтолуп, эң башкысы  сот адилеттигин ишке ашырууда бирдей  тажрыйбага жетишүүнү, мамлекеттик органдар менен өз ара бирдиктүү иш алып барууну жана  коомчулукта элдин сот тутумуна болгон ишенимин кайтарууда  мыйзамдын талаптарын бекем сактоону тапшырды.


«5-мартта Президентибиз Садыр Жапаров соттордун жыйынында сүйлөгөн сөзүндө соттордун көз карандысыздыгын сактоого өлкө жетекчилигинин саясий эрки жетээрин билдирди. Соттор башка жактарга кылчактабай өз алдынча чечимдерди чыгарууга мыйзамдык жактан толук укуктары бар. Ар бир сот мындан ары чыгарган чечимине мыйзамга гана таянышы керек жана өзү гана жооптуу«, — деди төрайым.


Талас облусундагы соттордун ишти кароодогу сапаты боюнча төрайым ар бир райондук жана шаардык соттордун ишине токтолуп, соттордун көрсөткүчтөрү жана  судьялардын жүктөмдөрүн  белгиледи.


Иштерди өз убагында,  мыйзамда каралган мөөнөттө кароону тапшырды.


Ошондой эле эмгек жана аткаруу тартибин катуу сактоого чакырып өттү.


Ошондой эле төрайым судьяларга  ишинде ийгиликтерди каалап, аткаруу тартиби менен бирге эле эмгек тартибин сактап, аппарат кызматкерлерин окутуу иштерин улантуу керек экендигин кошумчалады.


Нургуль Бакирова Талас областтык соттун кызматкерлерине жакында Баткендеги жаңжалдан жабыр тарткан үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча өнөктүккө активдүү катышканы үчүн ыраазылык билдирди. Бул соттордун адамгерчилик, кайырымдуулук ишинде четте калбай тургандыгын далилдегенин белгиледи.


«Соттор бардык жактан коомдун күзгүсү болушу керек.   Мыйзамдын сакчысы болушу керек. Андан тышкары соттор жүрүм-туруму, билими, маданияттуулугу боюнча да 24 саат бою коомго үлгү көрсөтүшү керек. Мен сиздерден соттордун кынтыксыз аброюн сактап берүүңүздөрдү  өтүнөм«, — деди ал.


Жыйындын соңунда  Талас областтык, шаардык жана райондук соттордун чарбалык иштери боюнча да суроо-жооп түрүндө талкуу орун алды.


Ал эми Жогорку сот уюштурган  “Жашыл сот” сынагына өлкөнүн бардык соттору активдүү катышып, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүшкөндүгүн баса белгиледи. Соттор айлана-тегерегин гана ирээтке келтирбестен, өздөрү дагы таза, адилеттүү болушу керек экендигин эскертти.


Аталган сынакка активдүү катышып,  биринчи орунду алган  Манас  райондук соту, экинчи орунду ээлеген  Талас  райондук соту жана  үчүнчү орунга татыктуу болгон  Бакай-Ата райондук сотторуна Жогорку соттун атайын белгилери менен алкыш баракчаларын тапшырды.