KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03422) 52075 г. Талас, улица Турдалиева 206
Кайрылуу жиберүү

Нургуль Бакирова Талас облустук сотунун аппарат кызматкерлери менен жолугушту

22 июня 2021

2021-жылдын 17-июнунуда  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Нургуль Бакирова Талас  облусуна болгон иш сапарын алгач Талас облустук сотунан баштады.


Талас облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев Нургуль Бакировага соттун имаратын көрсөтүп, кызматкерлер менен таанышты. Аталган сотто 8 судья, 12 аппарат кызматкерлери эмгектенишет. Нургуль Бакирова кызматкерлерге тартипти бекем сактап сотко келген  жарандарга сылык  мамиле жасап, кызматтык милдеттерди так аткарууга чакырды.


Төрайым сот  системасындагы жүргүзүлүп жаткан реформалар, өзгөрүүлөр туурасында маалымат берди.


Мындан тышкары, соттордун аброюн көтөрүүгө биргеликте иш алып барууну, бирдиктүү соттук тажрыйбаны жүргүзүү керек экендигин белгиледи.


Жогорку соттун төрайымы соттордун ишин жакшыртуу боюнча аракеттер көрүлүп жаткандыгын айтып, судьялардын жардамчыларын кайра  кайтаруу боюнча маселе оң жагынан  чечилип жаткандыгын кошумчалады.


Өз кезегинде облустук  соттун аппарат кызматкерлери төрайымга иш сапардын алкагында атайын убактысын бөлүп сотторго келгендиги үчүн ыраазычылык билдиришип, сот тутумунун аброюн көтөрүүгө бардык аракеттерин жумшай тургандыктарын белгилешти.