KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03422) 52075 г. Талас, улица Турдалиева 206
Кайрылуу жиберүү

Талас облусунун жергиликтүү соттору аксакалдар соттору жана жергиликтүү аткаруу бийлиги менен кызматташуусун күчөтүүдө

02 июля 2021

2021-жылдын 29-июнунда Талас райондук сотунун демилгеси менен жергиликтүү соттору менен аксакалдар соттору жана жергиликтүү бийлик органдарынын ортосунда өз ара мамилелерин күчөтүү максатында Талас райондук сотунун төрагасы Ниязбек Калматов жана судьясы Тариэль Акылбеков Талас районунун Көк-Ой айыл аймагынын аксакалдар сотунун төрагасы Беренбек Бийжанов, мүчөлөрү Кенешбек Борукеев, Жаныш Огонбаев, Александр Петров жана Талас районунун Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы Шамиль Мурат менен жолугушуу өткөрүштү.


Жолугушуунун алкагында, аталган аймактын аксакалдар сотунун жана айыл өкмөтүнүн иш алып баруусунда болуп жаткан көйгөйлүү маселелер талкууланып биргеликте аларды чечүүгө максаттуу иш алып баруу үчүн аракеттерди көрүү жөнүндө макулдашылды, ошону менен бирге Талас райондук сотунун судьялары аксакалдар соту отурумдарды өткөрүп жаткан сот залы менен таанышып чыгышты.


Өз тарабынан аксакалдар сотунун мүчөлөрү Көк-Ой айыл аймагы тарабынан аксакалдар сотуна финансылык, материалдык-техникалык жактан чоң жардамын көрсөтүп жатканын жана жергиликтүү соттор тарабынан талаш-тартыштарды чечүүдө аксакалдар сотуна маалыматтык жардам көрсөтүп турууну белгилешти.


Ал эми, Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы Шамиль Мурат адилеттүүлүктү жүзөгө ашырып жаткан аксакалдар сотуна жардамын берип турарын белгиледи.


Жолугушуунун соңунда Талас райондук сотунун судьялары менен Талас районунун Көк-Ой айыл аймагынын аксакалдар сотунун мүчөлөрү жана Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы көйгөйлүү маселелерди чогуу биргеликте чечүүнү жана мындай жолугушууларды өткөрүп турууну  макулдашышты.