KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03422) 52075 г. Талас, улица Турдалиева 206
Кайрылуу жиберүү

Талас облусунун жергиликтүү соттору 2022-жылдын 1-кварталынын сот адилеттүүлүгүнүн жүзөгө ашыруунун жыйынтыктарын чыгарууда

30 апреля 2022

2022-жылдын 30-апрелинде Талас облустук сотунун төрагасы Мирлан  Боромбаевдин төрагалык кылуусунда Талас областынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын катышуусунда 2022-жылдын 1-кварталында жергиликтүү сотторунун ишмердүүлүгү боюнча жыйынтыктоочу чогулуш өткөрүлдү.


Талас облустук сотунун төрагасынын орун басарлары Омурлан Тункатаров, Айнура Султаналиева жана Жекшеналы Курманбаев ар бир соттун судьяларынын сот адилеттүүлүгүн жүзөгө ашырууда иштердин кароо сапаты жана жүктөмдөрү боюнча тактамалары менен тааныштырып өтүшүп жана мисал катары биринчи инстанциядагы соттун кээ бир иштери боюнча соттук актылардын апелляциялык тартипте каралууда жокко чыгарылышынын же өзгөртүлүшүнүн себептерин белгилешти.


Ошону менен бирге судьялардын иштерди кароо боюнча кассациялык инстанциянын статистикалык маалыматтары  чагылдырылды.


Чогулуштун жүрүшүндө биринчи инстанциядагы соттордун төрагаларынан жергиликтүү сотторунун бекитилген иш пландары боюнча аткарылган иш-чаралары жөнүндө маалыматтар угулду.


Жыйындын соңунда Талас облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев сот адилеттигин жүзөгө ашырууда мыйзамдын талабын, эмгек тиртибин жана Судьянын ар-намыс кодексинин талаптарын бекем сактоосуна судьялардын көңүлдөрүн бурду.


Талас облустук сотунун


басма сөз катчысынын м.а.                                                            Э. Балыбаев