KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03422) 52075 г. Талас, улица Турдалиева 206
Кайрылуу жиберүү

Талас облусунун жергиликтүү соттору өзгөчө өндүрүш тартибинде сот тарабынан каралуучу иштери боюнча түшүндүрмө беришти

03 февраля 2022

Талас облусунун Бакай-Ата райондук сотунун төрагасы Нурмухамбет Кермалиев  Бакай-Ата райондук прокуратурасынын жана Бакай-Ата районунун социалдык коргоо кызматынын өкүлдөрү менен “Балдарды коргоо боюнча жасалып жаткан иш-чаралары” темасында жолугушуу өткөрүштү.


Жолугушууда, Балдарды коргоо жана үй-бүлөлөрдү колдоо максатында аталган райондук социалдык коргоо кызматынын өкүлдөрүнө, баланы асырап алууда, камкорчулукту аныктоодо, балдарды интернат мекемелерине жөнөтүүдө жана аракетке жөндөмсүз деп табууда кандай тартипте жана тиешелүү кайсы документтерди топтоп сот органына кайрылуу керектигин, ошону менен бирге сот өндүрүшүнө кимдер катыша алары жөнүндө кеңири айтып берилди.


Мындан тышкары, балдарды коргоо боюнча бир нече мыйзамдар жана эл аралык Конвенция менен тааныштырып кетишти.


Ал эми, Бакай-Ата райондук социалдык коргоо кызматынын өкүлдөрү өздөрүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө айтып беришип, судья жана прокуратура органынын өкүлдөрү менен жолугушуу абдан пайдалуу болгонун жана алардын ишинин жакшыртуусуна өбөлгө түзөөрүн белгилешип, ыраазычылыгын  билдиришти.