KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03422) 52075 г. Талас, улица Турдалиева 206
Кайрылуу жиберүү

Кара-Буура райондук соту Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексин колдонуу боюнча коомдук коопсуздук камсыздоо органдары менен иш-аракеттерин күчөтүүдө

01 июня 2022

Кыргыз Республикасынын  Укук бузуулар жөнүндө Кодексин колдонуу боюнча практикалык тажрыйбасын жүргүзүү үчүн Талас областынын Кара-Буура райондук сотунун төрайымы Гулмира Бапанова жана судьясы Сулайман Эргешов, прокуратура органыны жана ички иштер органынын участкалык ыйгарым укуктуу милиция кызматкерлери менен  жолугушуу өткөрүштү.


Жолугушуунун жүрүшүндө судьялар менен милиция органын өкүлдөрү аталган  Укук бузуулар кодексин колдонулушу боюнча пикир алмашышты жана соттун төрайымы менен судьясы жогоруда аталган ички иштер органынын кызматкерлери тарабынан өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерн аткарууда Укук буузулар жөнүндө Кодексинин талаптарын бекем сактоону, айрыкча укук бузуулар жөнүндө протоколдорун туура толтурууну, укук бузуучуну сотко өз убагында алып келүүнү жана алардын укугун сактоону, ошону менен бирге укук бузуучуларды коомдук иштерге тартуу жөнүндө соттун токтомунун аткарылышын көзөмөлдөө боюнча пикир алмашышты. .


Ошол эле учурда, Кара-Буура райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Руслан Айманбетов аталган Кодексти колдонуу боюнча бардык инспекторлор семинар-окуудан өтүп жаткандыгын белгилеп өттү.


Жолугушуунун соңунда, судьялар менен коомдук коопсуздукту камсыздоо кызматынын өкүлдөрү ортосундагы пикир алмашуулардан кийин, мыйзамдын талаптарын сактоо менен бирдиктүү иш алып баруу үчүн кызматташууну улантып турууну макулдашышты.