KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03422) 52075 г. Талас, улица Турдалиева 206
Кайрылуу жиберүү

Талас облусунун Бакай-Ата райондук соту медиаторлор менен ишин жакшыртуу аракеттерин көрүүдө

24 июня 2022

Талас облусунун Бакай-Ата райондук сотунда, сот тутумунун медиаторлор менен өз ара кызматташууну жакшыртуу максатында аталган соттун төрагасы Эльярбек Абдимиталипов Талас облустук “Улуттук медиация борбору” коомдук бирикмесинин башчысы Карагул Осмоналиев менен маалыматтык жолугушуу өткөрдү.


Талас облустук “Улуттук медиация борбору” коомдук бирикмесинин башчысы Карагул Осмоналиев, “Медиация жөнүндө” мыйзамы менен жарандар толук маалымдалбаганын, ал боюнча кеңири иш-чара жүргүзүү керектигин жана соттошуп жаткан жарандар менен медиациялык жолугушуу өткөрүү үчүн бөлмө бөлүп берүү боюнча маселелер жаралууда экендигин белгилеп өттү. Ошону менен бирге соттордо иштер каралып жатканда медиаторлордун катышып туруусу боюнча сунуш киргизди.


Соттун төрагасы Эльярбек Абдимиталипов “Улуттук медиация борбору” коомдук бирикмесинин башчысынын пикирлерин угуп, медиаторлордун жакшы иш алып баруусунун натыйжасында жергиликтүү сотторуна жарандардын кайрылуусу азая турганын белгилеп өттү жана жергиликтүү соттор менен медиаторлордун өз ара ишмердүүлүгүн жакшыртуу максатында  мындай иш-чараларды өткөрүп турууну макулдашышты.