KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03422) 52075 г. Талас, улица Турдалиева 206
Кайрылуу жиберүү

Талас облусунун Бакай-Ата райондук соту аксакалдар соттору менен кызматташуусун күчөтүүдө

03 февраля 2022

Жергиликтүү соттору менен аксакалдар сотторунун ортосунда өз ара мамилелерин күчөтүү максатында, Бакай-Ата райондук сотунун төрагасы жана судьясы Нурмухамбет Кермалиев менен Бообек Турсункулов Талас облусунун Бакай-Ата районунун тогуз айыл аймагынын аксакалдар сотторунун төрагалары жана мүчөлөрү менен маалыматтык жолугушуу өткөрүштү.


Жолугушуунун алкагында, соттун төрагасы жана судьясы жаңы кодекстер менен мыйзамдар жөнүндө айтып берип жана аталган аймактын аксакалдар сотторунун иш алып баруусунда болуп жаткан көйгөйлүү маселелер талкууланып, биргеликте аларды чечүүгө жана максаттуу иш алып баруу үчүн аракеттерди көрүү жөнүндө сүйлөшүлдү.


Ал эми, аксакалдар сотунун төрагалары менен мүчөлөрү жергиликтүү соттор тарабынан жер талаш, үй-бүлөөлүк зомбулук жана башка талаш-тартыштарды чечүүдө маалыматтык жардам көрсөтүп турууну суранышты.


Жолугушуунун соңунда Бакай-Ата райондук сотунун судьялары менен аталган райондун айыл аймагынын аксакалдар соттору менен көйгөйлүү маселелерди биргеликте чечүүнү макулдашышты.